http://ktrk.kg/Баткен облусунун дарыгерлерине 500 комплект коргонуучу каражаттар тапшырылды

Баткен облусунун дарыгерлерине 500 комплект коргонуучу каражаттар тапшырылды

23 Март , 15:56 188

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусунун дарыгерлерине 500 комплект коргонуучу каражаттар (беткап, көз айнек жана костюм) тапшырылды. Аталган жардам КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жетишилди.

Бул комплект формалары облустагы саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жана санитардык-карантиндик көзөмөл постторундагы кызматкерлерге берилет.Мындай кийим-кечелер муктаждыкка жараша дагы алынат. Буга чейин Фергана облусунан 2600 даана таңгакталган медициналык марли жана 1 тонна 400 кг дезинфекциялоочу каражаттар алынып келинген.Учурда мындай коргонуучу кийимдер жергиликтүү тигүү цехтеринде да даярдалууда.

Новости по дате