http://ktrk.kg/Айрым райондорго өзгөчө абал киргизилет

Айрым райондорго өзгөчө абал киргизилет

24 Март , 15:35 202

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак районун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, аталган аймактарда жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, ошондой эле өлкөнүн башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө максатында 2020-жылдын 25-мартынан саат 8:00дөн 5-апрелдин саат 8:00гө чейин өзгөчө абал киргизилди. Анын негизинде аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы жана ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле Кыргызстандын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоодо Комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтөт. Жогорку сотко өзгөчө абал мезгилинде аталган шаарлар менен райондордун аймагында жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилет.

Жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылуу, өзгөчө абал мезгилинде аталган аймактарда мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу Башкы прокуратурага берилет. Түзүлгөн кырдаалды курчутууну болтурбоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде Комендант берген маалыматтар таратылат. Жарлык Жогорку Кеңешке жиберилди. Документ кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Новости по дате