http://ktrk.kg/Маршруттук баракчанын формасы жана өзгөчө абалда кайсы убакытта керек?

Маршруттук баракчанын формасы жана өзгөчө абалда кайсы убакытта керек?

25 Март , 16:02 575

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

COVID-19: Республикалык штабынан кабарлангандай, саат 07.00дөн 20.00гө чейин азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага, медициналык мекемелерге баруудан тышкары, калган жарандардын жүрүүсү чектелет жана өздүгүн тастыктаган күбөлүк жана колго толтурулган маршруттук баракчасы болушу керек. Анда төмөнкү маалыматтар колго тортурулган болууга тийиш:

✔ Аты-жөнү;

✔ Телефон номери;

✔ Үйдөн чыккан себеби;

✔ Чыккан убактысы;

✔ Кайткан убактысы;

✔ Жашаган жери;

✔ Бара турган жери.

Банкка өтө зарыл болгон учурларда гана кайрылууга болот, алгач алардын өзгөчө абал учурундагы иштөө графигин тактап алганыңыз оң.


Новости по дате