http://ktrk.kg/Коменданттык саат: эрежени так сактоо зарыл

Коменданттык саат: эрежени так сактоо зарыл

26 Март , 23:04 134

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаары менен Кара-Суу, Ноокат райондорунун аймагында коменданттык сааттын тартибин бузуп, көчөдө жүргөн 91 жаран ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул үч аймакта жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алуучу сурап билүү борборлору ачылды.

Коменданттык сааттын алгачкы күнүндө Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун аймагында коменданттык сааттын тартибин бузган 91 жаран аныкталды. 3 авто унаа кармалып жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилди. Өзгөчө абалга байланыштуу Ош шаарында 11, облуста 62 жерде санитардык-карантиндик посттор жайгаштырылган. 

Тартипти бузгандар таңкы 7ге чейин кармалат. Жанында документтери жоктор өздүгү аныкталганча чейин же үч суткадан ашпаган мөөнөткө калтырылат. Ал эми, жеке жана юридикалык жактардын эрежени экинчи жолу бузуусу- техникалык каражаттарды жана алар ээлеген имараттарды мамлекеттик менчикке конфискациялоого чейин кириптер кылат. Жоокерчиликтер, тартипти көзөмөлдөөчүлөрдүн өзүнө да каралган. Ага ылайык, ички иштер органдары жана аскер кызматчылары кызмат учурунда укуктан тышкары күч колдонууга укугу жок жана ыйгарым укуктарынан аша чаппашы керек. 

Илдеттин жайылышына бөгөт коюудагы аракеттерди координациялоо максатында өзгөчө абал кирген 3 аймакта сурап билүү же Call-борборлор уюштурулду. Коменданттык саат кирген аймактардагы түз байланыш номерлери аркылуу жарандар күнүмдүк турмушта орун алган суроолоруна ыкчам жооп ала алат. Ал эми, жер-жерлерде жаралган маселелерди жөнгө салууда айыл аймактардагы демилгелүү топтор иш алып барат.Өзгөчө кырдаал киргизилген аймактардын жашоочуларынын жашоо-тиричиликтерине чектөө киргизилген эмес. Мал чарбачылыгы, дыйканчылык иштери өз нугунда жүргүзүлө берет.

Адистер, вирусту жеңген өлкөлөрдүн тажырыйбасын эске алуу менен эрежелерди жана тартипти сактоого чакырат. Бул үчүн байланыштарды азайтып, санитардык-гигиеналык эрежелерди аткаруу абзел. Коронавирус илдетин Ош облусунун 15 жараны жуктуруп алганы аныкталган. Алар менен байланышта болгон 395 жаран обсервацияларда кармалууда.  Дубанда коомдук кырдаал туруктуу. Көчөлөр, жол жээктери, мекеме-ишкана жана турак-үйлөр дезинфекцияланып жатат. 




Новости по дате