http://ktrk.kg/Коронавирус: Жалал-Абад облусунда 3 адам ооруканадан чыгарылат

Коронавирус: Жалал-Абад облусунда 3 адам ооруканадан чыгарылат

30 Март , 17:50 301

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад облусунда коронавирустан дарыланып жаткан 3 адамды ооруканадан чыгаруу пландалууда. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, кайталанып алынган анализдердин жыйынтыгында коронавирус табылган эмес. «3 адам - 62 жаштагы, 46 жана 44 жаштагы бейтаптар оорудан айыкты. 

Алар ооруканада 14 күндөн ашык убакыт дарыланышып, бардык анализдердин жыйынтыгы таза чыккан, рентгендик сүрөттөр да канааттандыраарлык. Бүгүнкү күндө алардын абалы жакшы. Айрым маселелер чечилгенден кийин ооруканадан чыгарылат», - деп айтылат билдирүүдө.

Новости по дате