http://ktrk.kg/Өкмөт товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга белгилүү бир чектөөлөрдү киргизет

Өкмөт товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга белгилүү бир чектөөлөрдү киргизет

31 Март , 15:03 226

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын таралышына байланыштуу мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу боюнча өкмөттүн бекитилген планынын натыйжасы боюнча кризиске каршы биринчи кезектеги чараларды талкуулаган кеңешмеде айтылды. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, учурда кризиске каршы ыкчам чаралар менен катар эле экономиканы калыбына келтирүү боюнча иш аракеттердин системалуу планы жана дем берүүчү программалар иштелип чыгууда. 

Ал чакан жана орто ишкерликти колдоого, ата мекендик бизнес үчүн фискалдык стимулдарды жана насыялоочу жеңилдетилген программаларды иштеп чыгууга, ошондой эле кризистен кийин калыбына келүү мезгилинде ишканалардын финансылык жактан жандануусуна багытталган. Ал учурда өлкөнүн экономикасы оор кырдаалда турганын белгилеп өттү. 2020-жылдын экинчи жарымында экономикалык кырдаал турукташкан шартта дагы өлкө бюджетине аз дегенде 28 млрд сом түшпөй калышы мүмкүндүгүн айтты.


Новости по дате