http://ktrk.kg/"Балдар филармониясы" долбоорунун ачылышы өттү

"Балдар филармониясы" долбоорунун ачылышы өттү

28 Май 2016 , 2:28 1979

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 “Балдар филармониясы”. Дал ушундай аталыштагы уникалдуу долбоордун ачылышы улуттук филармонияда өттү. 

 Бул долбоордун максаты - балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын музыкалык билимин калыптандыруу, инсандык калыптануусунун негизгилеринен болгон эстетикалык табитин өстүрүү жана музыкалык маданиятынын өнүгүшүнө салым кошуу. 

“Бул долбоордо классикалык музыка аспаптары, алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беребиз. Мисалы, туташ бир концертти ошол инструмент менен тартуулайбыз. Долбоордун кийинки чыгарылышын сентябрь айына тууралап жатабыз” - дейт уюштуруучу Асель Жакыпбекова.

Мындай иш-чараны “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы менен биргеликте уюштурган. Балдар филармониясында өспүрүмдөрдүн популярдуу музыканттар менен жолугушканга мүмкүнчүлүктөрү болот.



Новости по дате