http://ktrk.kg/Бишкекте аба тазарды

Бишкекте аба тазарды

6 Апр , 11:38 860

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте аба тазарды. AirKaz сайтынын маалыматы боюнча, борбор калаада РМ 2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн саны кыйла азайган. Автоунаадан чыккан газ абаны кирдете турган негизги себептердин бири. Коронавирустан улам жарыяланган карантинге байланыштуу кыймылга чектөө киргизилип, эми ары-бери атайын өткөрмө кагаз менен гана жүрүүгө жол берилип калды. Анын үстүнө күн жылып, от жагуу токтоду. Бул дагы абанын тазарышына бир топ өбөлгө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, РМ 2.5 бөлүкчөлөрүнүн бир жылдык орточо деңгээли 10 мкг/м3, ал эми суткасына 25 мкг/м3дан ашпаш керек.

Новости по дате