http://ktrk.kg/Бишкектин гүл аянтчаларында жоогазындар гүл ачты

Бишкектин гүл аянтчаларында жоогазындар гүл ачты

6 Апр , 11:36 1525

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин гүл аянтчаларында жоогазындар гүл ачты. Шаардык мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, жоогазындар былтыр күзүндө "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан отургузулган. Жалпысынан борбордун клумбаларында жоогазындын 10 түрүнүн 185 миң түбү отургузулган. 

Алар Курманжан датканын эстелигинин жанында, Жаштар аллеясында, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын, Пушкин галереясынын, "Театральный" скверинин аймагында. Ошондой эле гүлдөрдү "Элдердин достугу монументинен", өкмөт үйүнүн айланасынан, Свердлов жана Октябрь акимчиликтеринин алдынан, Фрунзе жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен, Ахунбаев, 7-Апрель көчөлөрүнөн жана Түштүк магистралдан кезиктирүүгө болот. 

Жоогазындар гүлдөп бүткөндөн кийин түбү казып алынып, кургатылып, күзүндө кайрадан клумбаларга отургузулмакчы. Мэрия шаардыктарды жоогазындарга аяр мамиле жасоосун суранат. Эгер уурдоо фактылары болсо 0709399977 номери аркылуу "Бишкек жашыл чарба" ишканасына же милицияга кабарлап коюуну өтүндү.

Новости по дате