http://ktrk.kg/Дүйнөлүк банк Кыргызстанга COVID-19 вирусу менен күрөшгө 12 млн. доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга COVID-19 вирусу менен күрөшгө 12 млн. доллар бөлөт

7 Апр , 14:05 344

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга COVID-19 пандемиясына ыкчам жооп кайтаруу боюнча долбоорду ишке ашырууга 12 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди. 

Мындан сырткары, учурдагы долбоордон 9 млн доллар COVID-19 глобалдык пандемиясына байланыштуу тобокелчиликтерге даярдануу жана натыйжалуу жооп кайтаруу боюнча өлкөнүн күч-аракеттерин колдоого жумшалат. "COVID-19 пандемиясына ыкчам жооп кайтаруу боюнча долбоордун максаты – өмүрлөрдү сактоо жана андан ары оорунун жайылышын болтурбоо, — деп билдирген Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар. 

Мындан сырткары, “Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелчиликтерине туруктуулугун жогорулатуу” аттуу учурдагы долбоорунан 9 млн доллар бөлүштүрүлөт. Дүйнөлүк банк каржылап жаткан бул долбоордун алкагында өкмөткө чукул кырдаалдарда коротулбаган каражаттарды тез арада алууга өбөлгө түзгөн механизм бар. 

Кыргызстандын премьер-министринин жетекчилиги алдындагы COVID-19 вирусунун жайылышын болтурбоо боюнча республикалык штаб жалпы улуттук жооп кайтаруучу чараларда, анын ичинде COVID-19 долбоору боюнча ишмердүүлүктү кошкондо, алдыңкы ролду ойнойт. Ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн бул долбоорлорду жүзөгө ашырууда Дүйнөлүк банктын сатып алуулар жана каржыларды башкаруу боюнча процедуралары колдонулат.

Новости по дате