http://ktrk.kg/Өзгөчө абалдын узартылары эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот

Өзгөчө абалдын узартылары эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот

7 Апр , 15:20 515

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөчө абалдын алынары же узартылары өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. 

Маалымат жыйында ага өзгөчө абал качан алынышы мүмкүн, кандай божомолдоруңуз бар деген суроо узатылды. Министр өзгөчө абалдын аякташына дагы 8 күн бар экенин, аны алуу же узартуу эпидемиологиялык кырдаалга жараша болорун билдирди.

Ал республикалык штабга сунуш киргизилерин айтты.

Новости по дате