http://ktrk.kg/Медиктерге кошумча маяна бериле баштады

Медиктерге кошумча маяна бериле баштады

9 Апр , 13:09 257

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Медицина кызматкерлери март айындагы айлыгына кошумча акысын колго ала баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Айтсак Чүй жана Ош облустары боюнча коронавирус менен күрөшүп жаткан 141 медицина кызматкерине 1 миллион 400 миң сом өлчөмүндө кошумча акы берилди. Жакынкы күндөрдө өлкөнүн башка аймактарындагы кызматкерлер дагы кошумча төлөмдөрдү ала алышат. Мындай маяна коронавирус тараган жерлерде иштеген санэпидем кызматтын, стационар жана алгачкы жардам көрсөтүү боюнча кызматкерлер алат. "Төлөмдөр эки категорияга бөлүнгөн. Биринчиси, карантиндик-казарма режиминде иштегендер. Дарыгерлер - 46 миң сомго чейин, орто персонал - 41 миң сомго чейин, кенже персонал - 38 миң сомго чейин. Ал эми үйүнө барып-келип график менен иштегендер 29 миң сомго чейин ала алышат, - деп айтылат маалыматта.




Новости по дате