http://ktrk.kg/Ата-энелер балдарын мектепке 1-класска электрондук түрдө каттай берсе болот

Ата-энелер балдарын мектепке 1-класска электрондук түрдө каттай берсе болот

11 Апр , 13:26 1071

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Карантин учурунда ата-энелер балдарын мектепке 1-класска электрондук түрдө каттай берсе болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Ага ылайык, ушу тапта карантинге карабай, балдарды 1-класска электрондук каттоо жүрүп жатат. Бирок 22-апрелге чейин арыздар каралбайт.

"Ал эми 1-класска электрондук түрдө катталып, документтери туура болуп, бирок мектепке документтерин тапшыра элек ата-энелер 22-апрелден тарта жеткире алат", — деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, электрондук каттоо 15-февралда башталган. Ата-энелер министрликтин сайтындагы "Статистика" деген бөлүмдөн ар бир мектепке канча бала катталып, канча орун калганын көрө алышат. Каттоо 15-августта аяктайт.





Новости по дате