http://ktrk.kg/Өзгөчө абал режимин узартуу жарандардын коопсуздугу үчүн зарыл

Өзгөчө абал режимин узартуу жарандардын коопсуздугу үчүн зарыл

14 Апр , 12:54 317

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөчө абал режимин узартуу жарандардын тиешелүү коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө билдирди. 

Жыйында коронавирус инфекциясы боюнча учурдагы кырдаал талкууланды. Саламаттык сактоо министрлигине медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу эрежелерине окутуу, аларды туура кийүү жана чечүүгө үйрөтүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды. 

Жергиликтүү бийлик органдарына илдет чыккан аймактарда иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин социалдык шарттарын жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди. 

Ошондой эле аларды ысык тамак менен камсыз кылуу маселесин жөнгө салуу милдеттендирилди. Мындан тышкары жыйында тармактык мамлекеттик органдарга жасалма дем алдыруучу жабдууларды сатып алуу боюнча иштерди активдештирүү тапшырылды.

Новости по дате