http://ktrk.kg/Кыргызстанда 68 бейтап коронавирустан айыкты

Кыргызстанда 68 бейтап коронавирустан айыкты

21 Апр , 10:06 284

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Соңку суткада Кыргызстанда 68 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Алардын арасында медицина кызматкерлери дагы бар.

 Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал эми 20-апрелге карата коронавирус аныкталган 14 жаңы учур катталып эки адам каза болгон белгилуу болду. Ал эми жалпы вирусту жуктургандардын саны республика боюнча 568 адамга жетти.


Новости по дате