http://ktrk.kg/“Кыялдар орундалат” аттуу кайрымдуулук акциясы старт алды

“Кыялдар орундалат” аттуу кайрымдуулук акциясы старт алды

30 Май 2016 , 8:06 4770

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Миң-Кыял ФМ” радиосу “Дзюдо” федерациясынын колдоосу аркасында 1-июнь "Балдарды коргоо" күнүнө карата “Кыялдар орундалат” аттуу кайрымдуулук акциясын баштады. 

Иш чаранын максаты - балдарды колдоп, майрамдык маанай тартуулоо жана кыялын орундатууга аракет кылуу болуп саналат. Бала жылмайса, аалам жылмаят! Биздин мекенибизде жардамга муктаж өспүрүмдөр арбын жана аларга көңүл буруу зарыл. Аны эске алуу менен ушундай саамалык уюштурулду.

Иш чаранын алкагында балдар “Октябрь“ кинотеатрынан кызыктуу мультфильм көрүп, балмуздак жеп сейилдешти.  

Беловодск айылындагы  психо – неврологиялык балдар үй интернатынын мугалими Айнура Отурбекова бул иш чаранын өтүшүнө кубанып жатканын жашырбады:

“Балдардын маанайы көтөрүлдү. Мындай саамалыкка кубанып жатабыз. Дагы да ушундай иш чаралар өтүп турса жакшы болмок". 

Мындан тышкары КТРКнын имараты менен таанышышты. Андан соң балдар “Ала –Тоо” ресторанынан тамактанышып жайларына кайтышты. Баардыгы болуп кайрымдуулук акцияга 44 бала жана 5 тарбиялоочу мугалимдери катышты. 

Новости по дате