http://ktrk.kg/Бишкек шаарынын коменданты: "Унаасын катуу айдагандардын уруксат кагаздары  кайтарылат"!

Бишкек шаарынын коменданты: "Унаасын катуу айдагандардын уруксат кагаздары кайтарылат"!

26 Апр , 17:20 621

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарындагы ээн жолдордон унаасын катуу ылдамдыкта айдаган айдоочулардын уруксат кагаздары кайрадан артка кайтарылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты, Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди. Айтымында учурда борбордун көчөлөрү бош учурда катуу ылдамдыкта айдаган айдоочулар болууда. Ошол эле учурда Бишкектин коменданты өзгөчө абал киргизилгенден бери бир жарым миңден ашык кылмыш катталганын, анын 1519нун бети ачылганын айтты. Муну менен катар Бишкек шаарынын коменданты шаардыктарды көчөгө чыкпай турууну өзгөчө абалдын талаптары менен өздүк гигиенанын эрежелерин так сактоого чакырды.




Новости по дате