http://ktrk.kg/Президент С.Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат

Президент С.Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат

28 Апр , 11:35 460

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ага айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышууда.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралууда.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү, анын экономикага болгон кесепеттерин азайтуу жана өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтары угулуп жатат.

Новости по дате