http://ktrk.kg/Жалал-Абад: зыянкечтерден жабыркаган мисте токойу

Жалал-Абад: зыянкечтерден жабыркаган мисте токойу

31 Май 2016 , 4:34 1899

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Токойду коргоо жана сактоо адистери токой аянттарын химиялык жол менен тазалоодон четтеп, мөмө жемиштерге зыян келтирбөөчү биологиялык ыкмалар менен дарылоо аракеттерин жүргүзүп келет. Быйыл Жалал-Абад облусунун аймагындагы токойдун 4 миң гектар аянтын зыяндуу түгөйсүз жибек көпөлөгү каптаган.

Бул Кара-Алма токой чарбасынын курорттук аймагы. Мындагы мисте токойду малак курт каптап, адистер өткөн айда дарылоо иштерин жүргүзгөн. Бирок дарылоо учурунда жалбырак арасында жашынып калган бул түгөйсүз жибек көпөлөгү деп аталган зыянкеч кайра эле жалбырактарды жеп баштаган. Ал эми токой коргоочулар токой зыянкечтеринен толук арылуу максатында бул ирээт дыкат дарылоо иштерин жүргүзүүдө.


Бул көпөлөк быйыл облус боюнча 4000 гектарга чукул токой аянтына зыян келтирген. Жабыркаган аянттардын басымдуу бөлүгү - мисте токойу.
Борбордун кызматкерлери токойду химиялык эмес, биологиялык жол менен дарылоо аракетине өткөн. Бул "Кооз дуулдак" деп аталган коңузду адистер токойдон алып келип, лабораториялык шартта көбөйтүшөт. Андан соң коңуз токой аянттарына - түгөйсүз жибек көпөлөгүнө каршы кое берилет. Быйыл мындай коңуздан облус токойлоруна 3 миң даанасы кое берилген.

Кыргыз жаңгагын дүйнөгө таанытуу аракети тынымсыз жүрүп келет. Жалал-Абад облусу боюнча 936 миң 155 гектар токой аянты болсо, анын 35миң 502 гектарын жаңгак багы ээлейт. Адистердин айтымында, быйыл жаңгак токойду каптаган зыянкечтер мурдагы жылдарга салыштырмалуу дээрлик азайган.

 Адистерди түйшөлткөн маселе арбын. Алардын бири - отургузулган бак-дарактардын жабыркап жатканы. Токойчулардын айтымында, жашыл чөйрөгө мал жандыктарын киргизүүнү мыйзам менен чектөө зарыл.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118


Новости по дате