http://ktrk.kg/Улуттук банк экономиканы колдоого алат

Улуттук банк экономиканы колдоого алат

10 Май , 15:46 223

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Валюта рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Ал Улуттук банктын резервдери 2 млрд 394 млн сомду түзөрүн айтып, төрт жарым айлык импортко жетет деди. Улуттук банк күн сайын ички жана тышкы рыноктогу абалга байкоо жүргүзүүдө. Зарыл болгон учурда интервенция жасай ала тургандыгын билдирди. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси Өкмөт менен биргелешкен антикризистик пландын алкагында жакынкы арада чарба субъекттеринин айланма капиталдарын толуктоосу үчүн 1 млрд сомду кредиттик аукциондор аркылуу бергени жатат. Андан тышкары 1,5 млрд сом өкмөттүн "Айыл чарбасын каржылоо-8" долбоорун каржылоого жумшалат. Чакан жана орто бизнести колдоо үчүн "Керемет банк" аркылуу 750 млн сом жумшоо чечими кабыл алынды. Күрөө маселесин чечүү үчүн өкмөт менен бирге Кепилдик фондунун уставдык капиталын 1 млрд сомго көбөйтүү ишке ашырылды. Улуттук банк тарабынан экономиканы колдоого жумшалган сумма 5 млрд сомду түзөт.


Новости по дате