http://ktrk.kg/Трамптын мурдагы кеңешчиси Флинндин иши токтотулду

Трамптын мурдагы кеңешчиси Флинндин иши токтотулду

11 Май , 8:46 378

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

АКШнын Юстиция министрлиги президент Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси, генерал Майкл Флинндин ишин токтотуу чечимин кабыл алды.

Трамп Флиннди өзүнүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматына 2017-жылы январда дайындаган. Бирок 24 күндөн кийин ФБР анын мурдагы орус элчиси Сергей Кисляк менен болгон телефондук сүйлөшүүсүн иликтей баштаганда иштен алынган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Флинн орус элчиси менен 2016-жылы декабрдын аягында, Дональд Трамптын инаугурациясына чейин сүйлөшкөн. Анда кеп Орусия Крымды аннексиялап, Донбасстагы согушка катышып жаткандыгына байланыштуу киргизилген АКШнын санкциялары жөнүндө болгону кабарланган.

Флинн тергөө менен кызматташууга макул болуп, элчи менен сүйлөшүүсү тууралуу ФБРге жалган маалымат бергенин мойнуна алган.

Washington Post гезити Флинн Орусиянын опузасына кабылган болушу мүмкүндүгүн жазган. Барак Обаманын администрациясынын мурдагы юристи Норм Эйзен тергөөнүн алкагында генерал ФБРге Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер, президенттин уулу жана өзү жөнүндө маалыматтарды бериши ыктымалдыгын билдирген.

Бирок Флинндин иши сотко жөнөтүлгөнүнө эки жыл болгонуна карабастан өкүм чыга элек: судья материалдар менен таанышпастан, өкүм чыгарууну белгисиз мөөнөткө калтырган. Бул аралыкта Флинндин жаңы юристтери аны тергөө менен кызматташуудан баш тартууга көндүрүшкөн. Анын жаңы командасы Флинн ФБРдин басымынан улам тергөө менен кызматташууга барып, күнөөсүн мойнуна алганын билдирип келет.

Новости по дате