http://ktrk.kg/Украиналык дарыгерлер коронавирус менен оор абалда күрөшүүдө

Украиналык дарыгерлер коронавирус менен оор абалда күрөшүүдө

19 Май , 11:45 130

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Украиналык дарыгерлер коронавирус менен оор абалда күрөшүп, сапатсыз жабдуулар менен иштешти. Тийиштүү жабдуулар иштебей калган учурлар да болду. Ошол эле учурда коронавирус жуктуруп алган бейтаптарды дарылоодо дары-дармектердин жетишсиздиги байкалды.

Эксперттер “коррупциялашкан экономика өлкөнүн Саламаттыкты сактоо системасынын кыйрашына алып келди” деп эсептешет. Чынында эпидемия башталганда система пандемия менен күрөшүүгө даяр эмес болчу.

Ольга Кобевко, Украинанын батышындагы Черновцы шаарындагы башкы аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар боюнча адиси. Ал иштеп жаткан ооруканадагы палата 60 бейтапка ылайыкталган. Бирок оор кырдаалда 100гө жакын бейтапты жаткырууга мажбур болушту.

“Адамдар кыйналып жатышты. Алардын "аба, мага аба керек” деп онтогон үнүн гана угусың. Бирок эч нерсе кыла албайсың, аларды сактап калуу оорго турду. Биз аларды жандандыруу бөлүмүнө өткөрүп берип жаттык. Себеби аларды сактап калуу аракети эле”, - Ольга Кобевко

Аталган оорукана бир кылымдан ашык убакыт мурда курулган имараттын бир бөлүгүндө жайгашкан. Ага заманбап клиникалардагыдай стандарттуу кычкылтек менен камсыз кылуу тутуму жетишпейт болчу.

"Система бир гана бөлмөдө болчу жана медайымдар бир нече мүнөт сайын "кычкылтек жаздыктары "деп аталган каптарды кол менен толтуруп, башка жердеги бейтаптарга алып барып жатышты”, - Ольга Кобевко.

Бет капчан жаткан бейтаптардын кургак жөтөлүнүн үнүн уккан медайымдар кычкылтек каптарын алмаштырыш үчүн коридордон чуркап гана жүргөнүн көрөсүң. Бөлмөлөрдү дезинфекциялоо үчүн колдонулган ультра кызгылт-көк лампаларынан чыккан аба озон сыяктуу жыттанат. Бир маалда дем алуу аппараты сынып, ооруп жаткан адамды сактап калууга жетишпей калышты.

“Вирус жок деп айтуу болбогон кеп. Бирок сиздин ишенбегенинизди да тушунуп турам. Анткени сиз аны көрүп, сезген жоксуз. Сиз буга коронавирустан өлгөн адамдарды көмгөн кезде көрүп гана ишене аласыз ...", - Ольга Кобевко.

Ольга Кобевконун бир айлык маянасы 175 доллар. Бул эң төмөнкү айлык акы жана Украинанын медицина кызматкерлерине болгон начар мамиле дегенди түшүндүрөт. Ал жугуштуу оорулар клиникасында иштегени үчүн кошумча 25 доллар гана акча алган.

Новости по дате