http://ktrk.kg/СОVID-19: абал көзөмөлдө

СОVID-19: абал көзөмөлдө

19 Май , 21:37 122

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу оор бойдон калууда. Өлкөдө коронавирус жуккандар менен байланышта болгондордун саны 6 миңден ашты. Ал эми инфекцияга чалдыккандардын саны 1 миң 247 адамга жетти. Дагы жаңы 27 учур катталды. Илдеттен айыккандардын жалпы саны - 898. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Дарыгерлер санитардык-гигиеналык талаптарды так аткарууга, коомдук жайда, жумушта бет капты кийип жүрүүгө аралыкты сактоого чакырат. Себеби жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны өсүүдө. Коронавирус дагы 27 адамда аныкталып илдетке кабылгандардын саны 1243 адамга жетти. Арасында Соль-Илецктен, Санкт-Петербургдан келген жарандар бар-деди Саламаттык сактоо министринин орун басары.

Жугуштуу илдет жаңы тастыкталгандардын арасында эки медицина кызматкери жана сегиз укук коргоо органынын кызматкери бар. Мындан улам милиция кызматкерлеринен да анализдер алынган. Ал эми илдет аныкталгандар ооруканага жаткырылып дарыланууда.

Соңку сутка ичинде 71 бейтап ооруканадан үйлөрүнө чыгарылды. Илдеттен айыккандардын жалпы саны 898. Ошол эле учурда Соль-Илецктен келип, обсервацияда жаткан мекендештерибиздин 474ү да үй карантинине чыгарылды. Алардан алынган кошумча анализдеринде өпкөнү сезгенткен вирус табылган эмес. Бирок мекендештерибиз эксперттик комиссиянын жыйынтыгы чыккача чыдамы кетип, тынчсыздануусун билдирип чыкты деген Нурболот Үсөнбаев обсервациядагылар атайын түзүлгөн алгоритмдин негизинде үй карантинине чыгарылганын белгиледи.

Новости по дате