http://ktrk.kg/Коронавирус: дагы 71 адам сакайды

Коронавирус: дагы 71 адам сакайды

19 Май , 21:42 231

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Соңку суткада 71 бейтап коронавирустан айыкты. Алардын көбү Бишкек шаарындагы республикалык жугуштуу оорулар боюнча ооруканада дарыланышкан. Бейтапканадан чыгарылган жарандар эрежеге ылайык дагы 14 күн үй карантининде болушу шарт.

Бишкекте айыккан жарандардын кырк жетиси Оренбургдун Соль-Илецк шаарынан кайтып келгендер. Көпчүлүгүндө оорунун белгилери байкалган эмес. Кайталап жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжасында аларды ооруканадан чыгаруу чечими кабыл алынды.

Лабораториялык изилдөөлөр жакшы натыйжаны көрсөткөнү менен мындан аркы эрежелер сакталышы керек. Ооруканадан чыккан жарандар 14 күн үй карантинде болушат. Соңку суткада айыккандардын жетиси медицина кызматкерлери. Жалпысынан коронавируска чалдыккан ак халатчандардын 219 сакайып, калк саламаттыгы үчүн кам көрүүнү улантып жатышат.


Новости по дате