http://ktrk.kg/Коомдук транспорттун иштөөсү үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкты

Коомдук транспорттун иштөөсү үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкты

20 Май , 13:38 436

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Коомдук транспорттун иштөөсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкты. Автобус, троллейбус жана кичи автобустар кабыл алынган эрежелерди бузган учурда, ишин токтотууга туура келет. Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын рейддер жүргүзүлөт. Биз транспорттук компаниялардын жетекчилерине тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды уюштуруп, камсыз кылуу керектигин маалымдадык”, - деп билдирди Саламаттыак сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Анын айтымында, коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн саны орундуктардын саны менен чектелет. Салондун ичи ар бир чыгуу үчүн тазаланып турушу шарт.

 “Коомдук транспорттордун салондорунда дезинфекциялык чаралар жүргүзүлөт. Өз кезегинде, ар бир жүргүнчүдөн социалдык аралыкты сактоону жана милдетүү түрдө беткап тагынууну өтүнөм. Вирус жуктуруп алуу коркунучу бар”, - деп белгиледи Н.Үсөнбаев.

Новости по дате