http://ktrk.kg/21-май: 19 бейтап илдеттен сакайып, ооруканадан чыгарылды

21-май: 19 бейтап илдеттен сакайып, ооруканадан чыгарылды

21 Май , 13:19 43

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сутка ичинде өпкөнү сезгенткен жугуштуу илдеттен 19 бейтап сакайып ооруканадан чыкты. Республика боюнча илдеттен жакшы болгондордун саны 929. Айыгып ооруканадан чыккандардын катарында медицина кызматкерлери да бар. Сутка ичинде 1894 лабораториялык анализ жүргүзүлдү. 

Дартка чалдыккандар менен жакын байланышта болгондордун баары дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бүгүнкү күндө оорулуулар менен байланышта болгондордун саны 6435 адамды түзөт. Ал эми обсервацияда 1902 жаран жатат. Стационарда 370 бейтап дарыланууда.




Новости по дате