http://ktrk.kg/Өлкөгө Оренбургдан 164 кыргызстандык кайтып келди

Өлкөгө Оренбургдан 164 кыргызстандык кайтып келди

21 Май , 13:30 60

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Орусиядан дагы 164 кыргызстандык мекенине жеткирилди. 20-майдын кечинде Оренбург шаарынан «TEZ JET» авиакомпаниясынын атайын чартердик учагы Бишкекке келди. ТИМ билдиргендей, алардын ичинде эки бала, 82 аял, анын 33ү кош бойлуу жана улгайган же ден соолугу начар эркек адамдар бар. 

Мындан тышкары Оренбургда, орус-казак чек арасында топтолуп турган кыргызстандыктарды Казакстан аркылуу автобус менен алып келүү маселеси да иштелип чыкканы маалым болгон. Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Бузулук районунда турган 500гө жакын кыргызстандыкты мекенине кайтаруу аракети уланып жатканын билдирген.




Новости по дате