http://ktrk.kg/21-майга карата СОVID-19 инфекциясынын жаңы 43 учуру катталды

21-майга карата СОVID-19 инфекциясынын жаңы 43 учуру катталды

21 Май , 13:31 43

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

21-майга карата СОVID-19 инфекциясынын жаңы 43 учуру катталды. Илдетке кабылгандардын өлкө боюнча жалпы саны 1313 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Коронавирус Бишкек шаарында 22 адамдан табылды, Ош шаарынан 5, Чүй облусунан 1, Ош облусунан 4, Нарын облусунан 8, Баткен облусунан 2 адамдан жана Санкт-Петербургдан келген бир жарандан тастыкталган. 

Саламаттык сактоо министринин орун басарынын айтымында жугуштуу илдет жаңы аныкталгандардын арасында төрт медицина кызматкери жана Мамлекеттик каттоо кызматынын алты кызматкери бар.





Новости по дате