http://ktrk.kg/Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иштер күчөтүлөт

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иштер күчөтүлөт

21 Май , 13:34 65

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Табият кырсыктарын алдын алуу жана кырсыктардын кесепетин азайтуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Нарын облусуна жумуш сапары менен барды. Аскаров Кочкор айылында жайгашкан райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жаңы курулуучу ДЭПОну мерчемдөө боюнча иш-чаралары менен таанышуудан башталды. Андан ары, Көк-Жар айылында “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” планына ылайык Жоон-Арык суусундагы аткарылып жаткан жумуштарды жеринен көрдү. 

Ал эми, Нарын шаарынан Запин тилкесинин Нарын дарыясынын сол жээгинде эрозиядан, суу ташкынынан турак жайларга жана райондук оорукананын аймагына коркунуч жараткан жагдайга күбө болуп, тийиштүү жетекчилерге тез арада коопсуздук чараларын көрүү боюнча тапшырма берди. 

Министр Ат-Башы районуна барып, Кара-Суу айыл аймагынын Жибек-Жолу айылындагы Ат-Башы дарыясынын жээгиндеги эрозияга учураган тилкелерди көрдү. Министрдин иш сапары Ысык-Көл облусунда уланмакчы.





Новости по дате