http://ktrk.kg/Борбор калаада бир катар объектилер ишке кирди

Борбор калаада бир катар объектилер ишке кирди

21 Май , 22:33 94

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүндөн тарта борбор калаада бир катар объектилер ишке кирди. Алардын ишмердүүлүк тартибинин шарттары тууралуу мурдатан эле айтылып келсе да, айрым соода борборлорунда жана базарларда санитардык-карантиндик эрежелер толук сакталбаганы байкалды. Атайын түзүлгөн мобилдик топтор ишин жандандырып жаткан объектилерди көрүп, талапка жооп бербегендерине эскертүү берилип, айрымдарына айып салынды. 

Аламүдүн базарынын азык-түлүк саткан бөлүгү карантин учурунда деле иштеп турду. Бирок ушул күнгө чейин кире беришине салынуучу хлордуу килемче жана дене табын текшергендер көрүнбөйт.

Абалды сатуучу бааларын эми жазып коюп жаткандыгы менен түшүндүрдү. Бирок бул жердеги сатуучулар санитардык эрежелердин сакталышына анча деле көңүл бурбагандай.

Алардын арасында бет капты туура тагынып, кол кабын кийип, антисептигин камдап алганы чанда гана. 






Новости по дате