http://ktrk.kg/Ашхабад мектептеринде бүтүрүү кечелери өтпөйт

Ашхабад мектептеринде бүтүрүү кечелери өтпөйт

22 Май , 9:00 395

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ашхабад шаарындагы мектептерде бүтүрүү кечелери өтпөйт. Тиешелүү чечим шаардык билим берүү департаментинин жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка караганда, 25-майда 1,5 саатка созула турган акыркы коңгуроо салтанатынан кийин окуучулар үйлөрүнө тарашат.

Азырынча калаа бийлиги эмне себептен мындай чечим кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат бере элек.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирус жуктурган адамдар жок. Бийлик COVID-19 инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу үчүн «жогорку деңгээлде даярдыктарды көрүп жатканын» билдирип келет.

Новости по дате