http://ktrk.kg/Кыргызстан: СOVID-19 инфекциясынын жаңы 52 учур катталды

Кыргызстан: СOVID-19 инфекциясынын жаңы 52 учур катталды

27 Май , 14:16 554

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 52 жаңы учур аныкталды. COVID-19 вирусун өлкө боюнча жугузуп алгандардын жалпы саны 1 миң 520 адам болду. Ал эми ооруканада дарыланып жаткан 9 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши жандандыруу бөлүмүндө.

Жаңы катталган 52 учурдун: 17си Нарын облусунан, 9у Бишкек, 7си Ош шаарынан, Жалал-Абад менен Чүй дубандарынан үчтөн, ал эми 1 учур Баткен жергесинен катталды. Ошондой эле Соль-Илецктен келген мекендештердин арасынан 8 адамдан, Россиянын аскер окуу жайынан келген курсанттардын арасынан экөөнөн КОВИД-19 вирусу табылды.
Бишкек - 9
Нарын облусу - 17
Ош облусу - 2,
Ош шаары -7
Жалал-Абад облусу - 3
Чүй облусу - 3
Баткен облусу - 1
Оренбург, Соль-Илецк - 8
РФ курсанттар - 2
Кыргызстан боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 1 миң 520 адамга жетти.


Новости по дате