http://ktrk.kg/Улуттук банктын божомолу боюнча экинчи жарым жылдыкта инфляция төмөндөйт

Улуттук банктын божомолу боюнча экинчи жарым жылдыкта инфляция төмөндөйт

27 Май , 11:45 136

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5 % деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. 

«Биринчи кезекте ал чечим, өлкөдө инфляциялык процесстер башталгандыктан кабыл алынды. Ушул жылдын апрель айында инфляция 8,6 %ды түздү. Май айынын 15ине карата жылдык инфляциянын көрсөткүчү 7,5 % болду. Ал нерселер учурда инфляциянын көтөрүлүшү бар экенин көрсөтүүдө», — деди Абдыгулов. 

Улуттук банктын божомолу боюнча экинчи жарым жылдыкта инфляция төмөндөйт. Апрель-май айында анын көтөрүлүшү коронавирустан улам азык-түлүк бааларынын жогорулашы менен байланыштуу болду.

Новости по дате