http://ktrk.kg/Премьер-министр кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды

Премьер-министр кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды

27 Май , 13:55 312

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Өкмөт башчы вице-премьер-министрлеринин катышуусунда жумуш кеңешмесин өткөрдү. Анда Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт дайыма ачык-айкын иштөөгө умтулаарын белгиледи.

«Жогорку Кеңеште Өкмөттүн жана Премьер-министрдин дарегине радиожыштык ресурстарын узартуу жана аны кайра каттоого тийиштүү кылмыш ишине байланыштуу сын-пикир жана күнөөлүү эместигимди далилдөө чакырыгы айтылды. Мен мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын сактоону жана жыштыктарды ачык аукциондо сатууну, ошондой эле мыйзам талаптарына жооп бербеген ээлердин лицензияларын алууну колдоп келгендигимди белгилеп кетким келет. Бул туурасында мен Жогорку Кеңештин жыйынында да айткам. Дагы бир жолу билдирем, териштирилип жаткан ишке менин эч кандай тиешем жок жана бул маселени саясатташтырбоо керек деп эсептейм. Укук коргоо органдары объективдүү жана ар тараптуу тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бирок тергөөгө кандайдыр бир кысым көрсөтүүлөр боюнча айыптоолордон алыс болуу үчүн, ошондой эле аны калыс жүргүзүү максатында кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алууну зарыл деп эсептейм», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.


Новости по дате