http://ktrk.kg/Кара-Жыгачтагы чаң баскан көчө качан тазаланат?

Кара-Жыгачтагы чаң баскан көчө качан тазаланат?

28 Май , 12:22 384

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Кара-Жыгач жаңы конушундагы Достоевский менен Сары-Өзөн көчөлөрү кесилишкен жердеги жолдон чаң сапырылып жатат,- деген автор "Элдик репортерго" кайрылган.

Анын айтымында,Лев Толстой көчөсү менен 7-апрель көчөсүнө чейин жол аягына чейин жасалып бүтө элек, ошол чаң жолдон оор жүк ташыган унаалар, чаңды сапырып, ушул жол менен чыгышат. Бул жол жаңы жасалган. Азыркы абалы ушул. Чаң сапырылып үйлөргө чейин кирет. Эшик терезелерди ача албай калдык. Муниципалдык аймактык башкармалыгына мындан бир жыл мурун, Бишкек шаарынын мэриясына 10 күн мурун арыз менен кайрылганбыз. Эч жыйынтык жок. Жолду жасагандан кийин жууп, тазалап туруш керек эле го, - деген шаар тургуну.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.




Новости по дате