http://ktrk.kg/АКШда коронавирустун курмандыктарынын саны 100 миңге жетти

АКШда коронавирустун курмандыктарынын саны 100 миңге жетти

29 Май , 11:44 346

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

АКШ коронавирустун курмандыктарынын саны боюнча алдыңкы орунга чыкты. Бул өлкөдө каза болгондордун саны 100 миңге жетти. Кошмо штаттарда КОВИД-19 бир суткада эле 839 адамдын өмүрүн алды. 

Жуктургандардын саны 1 миллион 700 миңди чамалады. Бул дүйнөдө илдетке чалдыккандардын 30 пайызын түзөт. Би-Би-Си жазгандай коронавирустан каза болгондордун саны Америка Кошмо Штаттарынын Корей, Вьетнам, Ирак жана Афганистан менен болгон согуштардагы жоготууларга барабар. Нью-Йорк штаты дагы деле пандемиядан көп жабыр тарткан аймак бойдон калууда. 

Штатта 373 миң 622 учур катталса, 30 миң бейтап каза тапты. Нью-Йорктон кийинки катарда Нью-Джерси жана Иллинойс штаттары турат. Маалыматтарга ылайык, учурда АКШнын калкынын 15 жарым миллиону корновируска тест тапшырышты.


Новости по дате