http://ktrk.kg/Президент Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Президент Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

1 Июнь , 18:02 385

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. 

«Урматтуу мекендештерим!

Кымбаттуу балдарым!

Жалпы дүйнө жүзү менен бирге жайдын алгачкы күнү биздин өлкөбүздө Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленет.

Балдарды ар тараптан колдоо, алардын укуктарын урматтоо, ар бир баланын өмүрүн жана ден соолугун коргоо — мамлекеттин да, коомубуздун да милдети.

Баарыбыз тең биздин өлкөбүздөгү ар бир бала ата-эненин мээримине бөлөнүп, үй-бүлөнүн чөйрөсүндө бактылуу өсүшүнө умтулуубуз керек.

Мамлекеттин келечеги жана коомубуздун бакубатчылыгы балдарыбызды мыкты тарбиялоодон башталат.

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында үй-бүлө институтун бекемдөө, өсүп келе жаткан жаш муунга билим берүү жана аларды тарбиялоо — мамлекеттик саясаттын туруктуу түрдөгү артыкчылыктуу багыты катары аныкталды.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга өзгөчө көңүл бурулат.

Кымбаттуу балдарым!

Силерди майрамыңар менен куттуктайм!

Биздин кубанычыбыз, биздин үмүтүбүз, жашообуздун мааниси — силерсиңер!

Баарыңарга чың ден соолук, жакшы жашоо жана бактылуу балалык каалайм!»



Новости по дате