http://ktrk.kg/Балдардын биринчи онлайн саммити өттү

Балдардын биринчи онлайн саммити өттү

1 Июнь , 15:14 1297

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Өкмөт үйүндө Кыргызстандын балдарынын биринчи онлайн саммити өттү. COVID-19 пандемиясына байланыштуу Балдарды коргоо күнүн белгилөө онлайн режимде болду. Иш-чарага вице-премьер-министр Аида Исмаилова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм жана балдар катышты. Вице-премьер-министр балдардын биринчи онлайн саммитинин катышуучуларын жана өлкөдөгү жалпы балдарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Улуулардын башкы милдети – дени сак жана адептүү муунду өстүрүү, ар бир баланын укуктарын коргоо, аларды катаал мамиледен жана зомбулуктан сактоо, мээримге курчоо болуп саналат.

«Өкмөт балдар укугунун сакталышын камсыздоого милдеттүү. Ал эми тарбиячылар жана мугалимдер ар бир баланын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүсү кажет. Балдардын укугун сактабастан туруп, өнүкккөн коомду, келечекти куруу мүмкүн эмес. Биздин мамлекетте балдардын жашоосу мазмундуу жана кызыктуу болушу үчүн колдон келген аракеттер көрүлүүдө. Социалдык колдоо жана балдарды коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө», - деди Аида Исмаилова.



Новости по дате