http://ktrk.kg/COVID-19  жуктургандар көбөйдү

COVID-19 жуктургандар көбөйдү

1 Июнь , 21:26 278

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Соңку суткада 1 миң 151 адамдан коронавируска анализ жүргүзүлүп, республика боюнча дагы 69 адамдан COVID-19 табылды. Ошентип, вирусту жуктургандардын саны 1817ге жетти. Илдет аныкталган жаңы учурдун көбү Бишкек шаарынан. Ал ортодо борбор калаадагы Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасы коронавирус жуктурган бейтаптарды кабыл алууга даярданууда.

Жаңы катталган 69 учурдун 18и сырттан келген мекендештерден жана бири-бири менен байланышта болуп, көзөмөлдө турган адамдардын 46сынан КОВИД-19 табылды. Ал эми беш учурдун кандай жагдайда жуккандыгы аныктала элек.  Ошентип, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны Кыргызстан боюнча 1 миң 817 адамга жетти.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын арасында медициналык кызматкерлер да көп болууда. Бир күн ичинде эле 12 медкызматкерден табылды. Анын 3өө айыгып стационардан чыгарылды. COVID-19 диагнозу менен республика боюнча медициналык кызматкерлер арасында жалпысынан 362 учур катталды. Бардыгы болуп 1181 адам коронавирусту жеңди. 

Коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 7 миң 630 адамга жетти. Алардын ичинен обсервацияда 2 миң 393 адам жатат. Учурда республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында бейтаптар көбөйүп кеткендиктен, жаңы орундуктар түзүлүп жатат. Азыркы тапта коронавирус жуктурган бейтаптарды кабыл алууга Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасы даярдалууда.

Новости по дате