http://ktrk.kg/Беларустан Бишкекке 179 кыргызстандык жаран кайтып келди - Кыргызстан жаңылыктары

Беларустан Бишкекке 179 кыргызстандык жаран кайтып келди - Кыргызстан жаңылыктары

2 Июнь , 11:21 237

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 2-июнда Беларустан Бишкекке 179 кыргызстандык жаран кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Авиарейс дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында Президенттин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.

Каттам буга чейин транзит менен ар кайсы Европа жана Азия өлкөлөрүнөн Минск шаарына келип, унаа билдирүүлөрүнүн токтошунан жана чек аралардын жабылышынан улам Кыргызстанга учуп кете албай калган мекендештерибизди мекенине кайтаруу максатында Беларусь Республикасындагы Кыргызстандын элчилиги тарабынан Европа өлкөлөрүндөгү Кыргызстандын чет элдик мекемелери менен биргеликте уюштурулду. Аталган каттам менен Австрия, Армения, Беларусь, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Испания, Нидерланддар, Польша, Украина, Франция, Чехия, Швеция, Швейцария жана Эстониядагы Кыргызстандын жарандары учуп келди. 

Белгилей кетсек, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Европадагы Кыргызстандын чет элдик мекемелерине буга чейин келип түшкөн арыздарга ылайык түзүлгөн. Учурда бардык кайтып келген жарандар бекитилген тартипте обсервацияга алынды. Чет мамлекеттерде калып, мекенине кайтууну каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иш-аракеттер улантылат.


Новости по дате