http://ktrk.kg/Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу сел жүрүү коркунучу сакталат

Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу сел жүрүү коркунучу сакталат

4 Июнь , 10:48 824

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ошондой эле 3-июнунан 4-июнуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.


Новости по дате