http://ktrk.kg/Мамлекеттик мүлк фонду ишмердүүлүгүн толугу менен электрондук ыкмага өткөрүүдө

Мамлекеттик мүлк фонду ишмердүүлүгүн толугу менен электрондук ыкмага өткөрүүдө

9 Июнь , 15:03 166

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусу өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында ишмердигин толугу менен электрондук ыкмага өткөрүүдө. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Жылдызбек Исакулов билдирди. 

Быйыл мамлекеттик мүлк фондунун расмий интернет баракчасында бирдиктүү реестр иштелип чыгып, ага мамлекеттин карамагындагы мүлктөр боюнча бардык маалыматтар киргизилди. Негизги максат - ачык айкындуулукту камсыз кылуу. Бирдиктүү реестрден жарандар мамлекеттик мүлктүн саны, аны ижарага алуунун жол жоболору, түзүлгөн келишимдер жана анын жыйынтыктары тууралуу маалымат алса болот. 

Ошондой эле, быйылтан тарта фонд мамлекеттин мүлкүн ижара берүү жана алып сатуу келишимдерин жүргүзүү боюнча атайын аукциондук борборду ишке киргизди.

Новости по дате