http://ktrk.kg/АКШда коронавирус жуктургандар 2 миллиондон ашты

АКШда коронавирус жуктургандар 2 миллиондон ашты

11 Июнь , 11:27 169

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

АКШнын Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, Америкада коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2 миллиондон ашты. 

Маалыматка ылайык, Кошмо Штаттарында илдетке чалдыккандардын саны 2 000 464 адам, анын ичинен 533 504 бейтап айыгып чыкса, илдеттин кесепетинен 112 908 киши каза болду. COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны боюнча АКШдан кийин эле Бразилия турат. Алсак, бул өлкөдө 775 миң адам илдетке чалдыгып, 39 миңден ашык киши каза болду. Ал эми тизменин үчүнчү сабында турган Россияда вирус жуктуруп алгандардын саны 464 минге жетип, 7 миңге жакын бейтап көз жумду. 

Белгилей кетсек, ДССУ 11-мартта COVID-19 коонавирустук инфекциясын пандемия деп жарыялаган. Уюмдун соңку маалыматы боюнча, дүйнөдө 7,1 миллиондон ашык адам вирустун бул жаңы түрүнө кабылып, анын 408 миңден ашыгы каза болгон.

Новости по дате