http://ktrk.kg/Кыргызстан-Казакстан: өткөрмө жайларды ачуу менен тоскоолдуксуз жүк ташуу макулдашылды

Кыргызстан-Казакстан: өткөрмө жайларды ачуу менен тоскоолдуксуз жүк ташуу макулдашылды

11 Июнь , 13:47 406

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Сүйлөшүүдө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланды. Казак тараптын сунушу боюнча мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрмө жайларды ачуу жана кыргыз-казак чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз жүк ташууларды камсыздоо маселесин чечүү боюнча эки жактуу макулдашууга жетишилди. Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды эки тараптан колдой тургандыктарын ырасташты. 

Ошондой эле, сүйлөшүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү маселелери жана COVID-19 калкты коргоо боюнча биргелешип көрүлгөн чаралар, мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.

Новости по дате