http://ktrk.kg/Кадамжайдагы селде аккан бала табыла элек

Кадамжайдагы селде аккан бала табыла элек

3 Июнь 2016 , 7:48 2466

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кадамжайда 3 жаштагы Эльдар Жороевди издөө иштери уланып жатат. Куткаруучулар 25 миң кубметрге жакын топтолгон селден кийинки баткактарды тазалады. Издөө иштери үчүн 80ден ашык куткаруучулар, атайын техника жана издөөчү ит тартылган. Эске салсак, баланы издөө иштери өткөн аптанын аягында эле башталган болчу.

 

27-майда Кадамжай районунунда жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен сел жүрүп, баткак аралаш суу унаа жолу менен бир катар чарба курулуштарды басып калган. 

Табийгат кырсыгы Ош-Айдаркен унаа жолунан унааны агызып кетип, натыйжада алты адамдын, бешөөсү каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары бир кишини куткарууга үлгүрүшкөн. Жергиликтүү тургундар билдиргендей, унаада дагы бир 3 жаштагы наристе бала болгон. Баланы ата-энеси балдар бакчасынан алып келе жаткан.





Новости по дате