http://ktrk.kg/Орусияда коронавирус жуктургандардын саны жарым миллиондон ашты

Орусияда коронавирус жуктургандардын саны жарым миллиондон ашты

12 Июнь , 15:31 267

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Орусияда акыркы сутканын ичинде 8779 адам коронавирус менен катталды. Ошондой эле бир суткада 174 адам каза болду. 

Ыкчам штабдын маалыматы боюнча, жаңы бейтаптар федерациянын 84 аймагынан тастыкталып, 3235 бейтап коронавирус аныкталгандар менен байланышкан жана оорунун белгилери жок өтүп жаткандар экени маалым болду. Акыркы маалыматтар боюнча, Орусиядагы коронавирусту жуктуруп алып, ооруга чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 502 миң 436 адамга жетти. 

Алардын ичинен 6 миң 532 бейтап көз жумса, 261 миң 150 киши айыгып чыккан. Пандемия башталгандан бери 13 миллиондон ашык адамга лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда 321 миң 923 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Новости по дате