http://ktrk.kg/Өзбекстан аба каттамдарын жандантат

Өзбекстан аба каттамдарын жандантат

15 Июнь , 10:09 242

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзбекстанда бүгүндөн тартып санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу болгон өлкөлөр менен аба байланышы жанданат. Мындай чечимди коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия кабыл алды. 

Абал туруктуу өлкөлөрдөн Өзбекстанга чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен консулдук мекемелердин кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, Өзбекстанда инвестиялык долбоорлордун алкагында иштеген чет өлкөлүк компаниялардын адистери, дарылана турган жарандар, чет өлкөлөрдө катуу ооруп жаткан жакын туугандары бар адамдар, башка өлкөлөргө Өзбекстан аркылуу транзит менен учуп бараткан адамдар,

Өзбекстанда каттоого турган жарандар, жарандыгы жок адамдар жана башка өлкөлөрдө каттоосу бар Өзбекстандын жарандары кире алышат. Ошол эле маалда башка өлкөлөргө окуу жана иштөө максатында учуп кетсе болот. Жаңы эрежеге ылайык, Япония, Түштүк Корея жана Кытайдан учуп келген жарандар карантинге алынбайт. Европа биримдигинен, Малайзия, Таиланд жана Сингапурдан келген адамдар 14 күн үй карантининде болушу шарт. Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Иран, Афганистан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген жарандар милдеттүү түрдө 14 күнгө карантинге жаткырылат. Мындан тышкары жүргүнчүлөр Өзбекстанга келгенге чейин көрсөтүлгөн өлкөдө кеминде 14 күн болушу керек деген талап бар.

Новости по дате