http://ktrk.kg/Ысык-Көлдө туристтик милиция быйыл өзгөчө тартип менен иштейт- Кыргызстан жаңылыктары

Ысык-Көлдө туристтик милиция быйыл өзгөчө тартип менен иштейт- Кыргызстан жаңылыктары

15 Июнь , 13:51 1695

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көлдө туристтик милиция эс алуучуларды кабыл алууга даяр. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, туристтик милиция коронавирус пандемиясынан улам быйыл өзгөчө тартип менен иштейт. 

Туристтик милицияга чет өлкөлүк жарандар эле эмес, өлкөнүн башка аймактарынан эс алууга баргандар да кайрыла алат. Алар Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз, Тоң райондорундагы тоо туризми өнүккөн жерлерде кызмат кылат. Ал эми Каракол, Чолпон-Ата шаарларында туристтер жана эс алуучулар көп болгон 13 маршрут боюнча иш алып барышат. Милиция кызматкерлери чет тилдерди үйрөнүп жатканы кошумчаланды.

Новости по дате