http://ktrk.kg/Ош жана Жалал-Абад шаарларында 2 жаран сууга чөктү - Кыргызстан жаңылыктары

Ош жана Жалал-Абад шаарларында 2 жаран сууга чөктү - Кыргызстан жаңылыктары

18 Июнь , 15:19 867

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош жана Жалал-Абад шаарларында 2 жаран сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Ош шаарында Мирсатов көчөсүндө 17-июнда 42 жаштагы эркек киши Увам каналына кулап кеткен. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар анын жансыз денесин суудан алып чыгып, укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен. Ал эми Жалал-Абад шаарында 14-июнда 31 жаштагы эркек киши Кара-Суу дарыясына чөгүп кеткен. Учурда анын денеси табыла элек. Издөө иштерине 11 куткаруучу жана 5 милиция кызматкери тартылган.


Новости по дате