http://ktrk.kg/Санитардык эрежелерди сактабай, сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө айып пул салынабы?

Санитардык эрежелерди сактабай, сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө айып пул салынабы?

19 Июнь , 15:05 767

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Жарандарыбызды жоопкерчиликке чакырам. Айрым жарандарыбыз чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарып жатат", - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында. 

"Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанция сакталбай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер коронавируска каршы күрөш боюнча жасалып жаткан аракеттерди жокко чыгарат", - деп Мамлекет башчысы өкүнүү менен белгилеп, медиктердин талаптарын бузгандарга айып пул салууну талап кылды. 

"Катардагы кызматкерлерге эмес, силерге тийиштүү чара көрүлүшү керек. Катардагы кызматкерлер жетекчиликтин айтканын жасашты деп ойлойм. Барыңар айып пул төлөгүлө", - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков, Коопсуздук кеңештин чакан курамдагы жыйынына катышкан өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып.

"Бул илдет жок, бул - саясат дегендер да жок эмес. Дарыгерлерибиз, кары-картаңдарыбыз каза болууда. Бүгүн дүйнө жүзү бул илдет менен күрөшүп жатат. Ошондуктан дүйнөлүк пандемияга айланды. Мамлекет башчысы катары - ар бир мекендешимди илдетке кайдыгер карабай, этият жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырам", - деди Сооронбай Жээнбеков. 

Президент "бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, бул илдет жок" деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр бул оорунун бар экендигинен күмөн саноого түрткү болуп жатканын да айтты. 


Новости по дате